• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Транспорт министринин орун басары 8-апрелге чейин камакка алынды

Коом 0


Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. КР транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев соттун чечими менен 8-апрелге чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө камак жайына киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Биринчи май сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим 8-февралда райондук сот тарабынан кабыл алынган. Ошондой эле Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов да камака алынган.

Алар экөө тең УКМКнын тергөө камак жайында кармалат.

Белгилей кетсек, 7-февраль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын (ККК) кызматкерлери тарабынан КР транспорт жана жолдор министринин орун басары Н.Ж.10 миң доллар пара берип жаткан учурда кармалган.

Министрдин орун басары КР УКМК ККК кызматкерлерине, сотко чейинки өндүрүш ишинде фигурант болгон КР Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу максатында пара берген.

Ошол эле күнү, Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Б.А пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалган.

Пикир

Оставить комментарий