• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Асман” экологиялык таза шаарынын" курулушу 2022-жылдын жазында башталат – депутат Сабиров

Коом 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда “Асман” экологиялык таза шаарынын" курулушу 2022-жылы жазында башталат. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Сабиров билдирди.

Анын айтымында, “Асман” экологиялык таза шаары" долбоору азыркы учурда аяктоо баскычында турат. “Биздин өкүлдөр экологиялык таза шаарды куруу боюнча Францияда болуп кайтышты, анда жолугушууларды өткөрүп, айрым документтерге кол коюшту. Мен биринчи инвестиция 2022-жылдын март айында болуп, курулуш башталат деп ойлойм”, - деди ал.

Долбоорго ылайык, “Асман” экологиялык таза шаар” долбооруна ылайык, 4 миң гектардык аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат. Өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн оптималдуу пайдалануу менен, ошондой эле жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.

Параметрлерге ылайык, инфраструктура 500 миң кишилик туруктуу жашоочуга деп эсептелген. Кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда, резервдик потенциал 700 миңге чейин чыгат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин деп божомолдонууда. Үстүнөн караганда комуз улуттук музыкалык аспабына окшош болгон шаарды Ысык-Көл облусуна куруу пландалууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, министрлер кабинетинин төрагасы “Асман” экологиялык таза шаарын" куруу боюнча Мамлекеттик дирекция түзүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий