• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

11-сентябрга Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Эртең, 11-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22, Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24, Баткен облусунда болсо түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9 градус, күндүз 19…21 градус болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий