• 88.68
  • 95
  • 0.95

Батукаевдин бошотулушу боюнча сот: Жогорку сот эки инстанциянын чечимин жокко чыгарды

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча соттук отурум өттү.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жабык сот отурумунда А.Ш.Атамбаев, К.О.Качкыналиев, И.Ы.Жолдубаева, А.Раимжановго карата козголгон кылмыш иши каралды.

Сот ишти карап чыгып, Биринчи Май райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарды.

Соттун башка курамында биринчи инстанцияга жаңы кароого жөнөттү.

Пикир

Оставить комментарий