• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэри робототехника боюнча чемпионаттын жеңүүчүлөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев робототехника боюнча эл аралык чемпионаттын жеңүүчүлөрү менен жолугушту.

Калаа башчысы мектеп окуучуларын 2024-жылдын 5-7-апрелинде Россиянын Красноярск шаарында өткөн "Красноярск 5.0" робототехникасы боюнча чемпионатта жеңиши менен куттуктады.

570 команда катышкан иш-чарада №24 А.Токомбаев атындагы мектеп-гимназиясынын робототехника командасы берилген беш тапшырманын ичинен бир байгеге ээ болду.

Мектеп окуучулары мэр Айбек Жунушалиевге өз колдору менен чогултулган механикалаштырылган роботтордун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Өз кезегинде шаар башчысы жаш роботчуларга ийгиликтерди каалап, ошондой эле мектепке алардын жөндөмүн өнүктүрүү үчүн интерактивдүү панель сатып алууга сертификат тапшырды.

Белгилей кетсек, мындай масштабда муниципалдык мектеп окуучуларынын катышуусу биринчи жолу болуп жатат.

Бишкек мэриясы мектеп окуучуларын жеңиши менен куттуктап, аларга бардык аракетте колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий