• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министр Данияр Амангелдиев экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүү себептери тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек. 11.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын экономикасы 2024-жылдын башынан бери жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымына караганда, экономикалык жигердүүлүктүн жана экономиканын өсүшүнө өзгөрүлгөн тышкы шарттарга түзүмдүк ыңгайлашуу, ички суроо-талаптын жана инвестициялык активдүүлүктүн калыбына келиши өбөлгө түзүүдө.

"Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2024-жылдын январь-март айларында ИДПнын көлөмү 248,8 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 108,8%ды (2023-жылдын январь-мартында – 102,8%) түздү. Иш жүзүндө экономиканын бардык тармактарында оң динамика байкалып, көрсөткүчтөр төмөнкүдөй: курулушта өндүрүштүн көлөмү 1,5 эсеге, тейлөө чөйрөсүндө - 8,1%га, өнөр жайда - 5,9%га, айыл чарбасында - 1,4%га", - деди министр.

Аны менен катар Амангелдиев 2024-жылдын биринчи чейрегинде өсүштүн негизги кыймылдаткычы кызмат көрсөтүү тармагы жана курулуш болгондугун баса белгиледи.

Кызмат көрсөтүү тармагы

Мурдагыдай эле ИДПнын түзүмүндө 50%дан ашык басымдуу үлүштү ээлейт. Кызмат көрсөтүү секторунун көлөмү 2023 – жылдын тиешелүү мезгилинин төмөн базасынын фонунда (1,5 %) өсүштүн жогорку темпин көрсөттү — 8%дан ашык.

Ички суроо-талапты төмөнкүлөр колдойт:

  • акча которуулардын агымынын көбөйүшү (2023-жылга таза агылып кирүү 14,5%га, 2024-жылдын январына - 86,9%га өскөн),
  • орточо айлык номиналдык эмгек акы (2023-жылга - 20,3%, 2024-жылдын январь-февралында - 11,6%га),
  • орточо пенсия,
  • ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү (2 эсеге көбөйдү),
  • импорттук операциялардын көлөмү (2024-жылдын январь-февралында – 30%га).

Ошондой эле көлөмү тиешелүүлүгүнө жараша дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автоунааларды оңдоонун жана мотоциклдер 2023-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 25,2%га (мында, негизинен, чекене сооданын көлөмүнүн өсүшү 12,5%га), транспорттук ишмердүүлүк жана жүктөрдү сактоо - 8%га жана байланыш кызматтары — 8,6%га көбөйгөн.

Мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү мурдагыдай эле жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, 16,5%га өстү.

Курулуш сектору

2024-жылдын январь-март айлары үчүн алдын ала маалыматтар боюнча, каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 66,6 %га көбөйдү (2023-жылдын январь-мартында 3,1 %га өсүү) жана 27,7 млрд сомду түздү.

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү каржылоонун ички булактарынын да (64,4%га), тышкы булактардын да (83,9%га) өсүшүнүн эсебинен камсыз болгон.

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү (алардын жалпы көлөмүнүн 84%) тоо-кен объектилерин, өндүрүш объектилерин курууга, электр энергиясы, газ, буу жана кондициялоо менен камсыз кылууга (камсыз кылууга), дүң жана чекене соодага, транспорт ишине жана жүктөрдү сактоого, билим берүү, ошондой эле турак-жай курулушуна багытталган.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 26,9 млрд сомду түздү жана 1,5 эсеге көбөйдү (2023-жылдын январь-мартында 2,2 %га өсүү). Курулуштун көлөмүнүн бир кыйла өсүшү мурда курулган жана пайдаланууга берилген жекече турак-жай курулушунун объектилерин эсепке алууну жакшыртуу менен шартталган.

Өнөр жай тармагы

ИДПнын көлөмү январь-март айларында 114,5 млрд сомду түзүп, 4,5 %га өстү (2023-жылдын январь-мартында 9,4% га өскөн).

2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүктүн 37,1%га, аффинаждалган мунай продуктуларын - 20,3%га, тамак-аш азыктарын (анын ичинде ичимдиктерди) жана тамеки буюмдарын – 17,6%га, текстиль өндүрүшү, кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдар - 12,8%, фармацевтика продукциясы - 11,6%, ошондой эле резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары - 4,2%га өскөн. Ошол эле учурда тоо-кен өндүрүшүнүн 5,2%га азайышы байкалууда.

2024-жылдын январь-март айларында электр энергиясы, газ, буу жана абаны кондициялоо менен камсыздоодо өндүрүштүн көлөмү 20,3 млрд сомду түзүп, 8,8%га, өндүрүш көлөмүнүн, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүүчү кызматтардын өсүшүнүн эсебинен 6%га өстү.

Суу менен жабдуунун, тазалоонун, калдыктарды тазалоонун жана экинчилик сырьену өндүрүүнүн көлөмүнүн 29,1%га өсүшү негизинен сууну чогултуунун, кайра иштетүүнүн жана бөлүштүрүүнүн көлөмүнүн 6,7%га өсүшүнүн эсебинен камсыз кылынды.

Айыл чарба

2024-жылдын январь-мартында айыл чарбасынын дүң продукциясы 38,1 млрд сомду түздү.

2023-жылдын ушул мезгилинин деңгээлине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 101,4 % түздү. Айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшүнүн өсүшү негизинен мал чарба продукциясын 1,4% га көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды. Мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү үчүн айыл чарба субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү улантылууда, бул максаттарга жыл сайын 5-6 миллиард сом өлчөмүндө финансылык каражаттар бөлүнөт.

2024-жылдын башынан бери АЧК-12 программасын ишке ашыруу алкагында 741 алуучуга 313 миллион сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар бөлүнгөн. Ошондой эле, агроөнөр жайлык кластерлерди өнүктүрүү үчүн жыл сайын 3 млрд сомдон ашык каражат бөлүү менен «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашыруу улантылууда.

2024-жылы Кыргызстанда инфляциялык процесстер төмөндөгөн. Керектөө бааларынын индекси 101,2%ды түздү жана дээрлик 3 эсеге төмөндөдү (2024-жылдын февраль айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу), анткени 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 103,2%ды түзгөн.

Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2024-жылдын январь-мартына карата 2023-жылдын январь-мартына карата) 105,4%ды түздү (2023-жылдын январь-мартына карата 2022-жылдын январь-мартына карата 114,7%).

Алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 3,1%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 1,2%га, калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 2,7%га жогорулады, ал эми азык-түлүк эмес товарларга баалар, тескерисинче, 0,2% га төмөндөгөн.

Тышкы жана өз ара соода

2024-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2 255,2 млн АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 28,3%га өстү. Мында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 13,6%ды, импорттуку – 86,4%ды түздү.

КРнын экспорттук берүүлөрү 2024-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 18,4%га көбөйүп, 307,5 млн долларды түздү.

Кыргыз Республикасына импорттолгон товарлардын көлөмү 1947,7 млн АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 30%га өстү.

2024-жылдын январь-февраль айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 482,7 млн АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,9%га азайган. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (70%) жана Казакстанга (27,6%) туура келген.

Айлык маяна

2024-жылдын январь-февраль айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 33 миң 512 сомду түздү. Бул 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,6%га, ал эми реалдуу эмгек акынын көлөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 5,6%га өстү.

Пикир

Оставить комментарий