• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

1207 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктага кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинде Кыргыз Республикасынын президентинин үч Жарлыгы 1207 кишиге (820 - чоңдор жана 387 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө. Өлкөнүн жаңы жарандарынын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын президентинин дагы бир Жарлыгы – 53 кишиге Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө (45 – чоңдор жана 8 бала).

Жалпы арыздар - 1260 адам (865 - чоңдор жана 395 - балдар).

Пикир

Оставить комментарий