• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нуран Ниязалиев Литванын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Нур-Султандагы резиденциясы менен Литванын Кыргызстандагы элчиси Гинтаутас Васюлис менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өз ара визиттерди уюштуруу, Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү жана Литванын делегациясынын жана бизнес өкүлдөрүнүн 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумуна катышуусу аркылуу мамилелерди андан ары чыңдоо зарылдыгына басым жасоо менен эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери каралды.

Соода-экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүү жана айыл чарба, IT-технологиялар жана санариптештирүү, транспорт жана логистика, фитосанитария жана стандартташтыруу сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Европа Биримдигинин карамагында болгон долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.

Тараптар укуктук базаны кеңейтүүнүн, транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн конкреттүү маселелерин, анын ичинде аба каттамдарын ачуу, COVID-19 менен күрөшүү боюнча биргелешкен иштерди талкуулашты.

Кыргызстан менен Литва ошондой эле ар кандай эл аралык платформаларда өз ара активдүү аракеттенүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий