• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

14 млн сомго жол эрежесин бузуу: КРде бир жумада 23808 айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылды

Коом 0

Бишкек, 05.03.18. /Кабар/. КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлкө аймагында коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында “Рулда” рейдин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

2018-жылдын 26-февралынан 4-мартка чейин жүргүзүлгөн рейдин жүрүшүндө жалпысынан 23808 айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылган.

- мас абалында – 196;

-ылдамдыкты жогорулатуу боюнча – 3753;

-жол белгилерин сактообоо боюнча – 4759 протокол түзүлгөн;

-алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу – 37 айдоочу;

-коопсуздук курун тагынбаган – 4785 айдоочу;

-жол кыймылына тоскоолдук келтирүү –2256;

-башкаруу маалында уюлдук телефон колдонуу – 3108;

-айып токтоо жайына – 1135 унаа токтотулган.

Салынган айыптын болжолдуу суммасы 14 млн 428 миң 900 сом.

Пикир

Оставить комментарий