• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте бир жума ичинде 183 чырак алмаштырылды

Коом 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Бишкекте бир жума ичинде 183 чырак алмаштырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жумушчулар борбордун бардык райондорунда монтаждоо жана оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

- Биринчи май районунун Чуйков, Раззаков, Тыныстанов, Оренгбург, Горький, Павлов, Худайбергенов, Витебв, Саадаев, Улукман, Шоола, Исанов, Логвиненко, Абдрахманов, Панфилов, Орозбеков көчөлөрүндө, ошондой эле "Ак-Босого"конушунда.
- Ленин районунун Москва, Турусбеков, Кайназарова, Кулиев, Сухомлинов, Ахунбаев, Жунусалиев, Каркыра, Алтымышев, Курчатов, Чортеков, Бабашалин, Арзамас, Абдыкадыров, Ашар көчөлөрүндө.
- Свердлов районунун театралдык скверде жана Жеңиш аянтында иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле Коллективный, Фирсов, Наманган, Саратов, Логвиненко, Иваницин, Фрунзе, Күренкеев көчөлөрү боюнча.
- Октябрь районунун Токомбаев, Кулатов, Юнусалиев, Беззымянный, Скрябин, Жукеев-Пудовкин, Медеров, Куттубаев, Суеркулов, Масалиев көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий