• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Мадина базары иретке келтирилет

Коом 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Бишкектеги Мадина базары иретке келтирилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган базарда жыйын өткөрүлүп, анда тыгындарды чечүү, башаламан унаа токтотуучу жайларды, соода объектилерин жана жарнамалык структураларды иретке келтирүү каралды.

Тактап айтканда, соода объектилерин тартипке келтирип, Менделеев көчөсүндөгү жана базардын айланасындагы мыйзамсыз орнотулган курулуштарды бузуу колго алынды. Ошондой эле аталган көчөнү бойлото унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Ал эми Милициянын кайгуул кызматы аталган көчөдө башаламан унаа токтотууларды жоюу жана унаа кыймылын иретке келтирүү маселесин чечүүгө көмөктөшүп, өзгөчө көзөмөлгө алат.

Мындан тышкары, 179 жарнама конструкциясы демонтаждалды. Ошондой эле Менделеев көчөсү 91 б жана 93 даректеринде жайгашкан мыйзамсыз орнотулган 2 бастырма алынды.

Пикир

Оставить комментарий