• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

14-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Эртең, 14-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11 градус болот.

Ысык-Көл облусуда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9, Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 3…8 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус жылуу болушу күтүлөт.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн температурасы -1…-3 градус, күндүз 10…12 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий