• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

15-19-январга карата өлкөнүн аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. 15-январда өлкөнүн кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

16-январда жана 17-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 17-январда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

18-январда жана 19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

19-январда күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-январда күндүз жана 16-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий