• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-ноябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13…+18, Талас облусунда +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9…+14, Ысык-Көл облусунда +8…+13, Нарын облусунда +7…+13, Бишкек шаарында +16…+18 жана Ош шаарында +13…+15 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий