• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

20-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Эртең, 20-февралда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жет.

Чүйдө абанын температурасы түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6, Талас облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5, Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5 градус жылуу болот.

Ал эми Баткен, Ошто, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7, Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -4...-9 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 2…4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий