• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2016-жылы ЕБ өлкөлөрүнө товар экспорттоо 2015-жылга салыштырмалуу 22 млн долларга көбөйгөн – Э.Абакиров

Экономика 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. 2016-жылы Европа биримдигинин өлкөлөрүнө кыргыз товарларын экспорттоо 72 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн экономист Жумакадыр Акенеев Кыргызстан ВСП+ макамын өткөн жылы эле алганына карабастан, бул багытта иштер жүргүзүлбөй жатканын айткан.

Өз кезегинде Э.Абакиров экономисттин билдирүүсү менен макул эмес.

“2015-жылы Европа биримдигине кирген өлкөлөргө товар экспорттоонун суммасы 50 млн долларды түзгөн, ал эми 2016-жылы бул сумма 72 млн долларга чейин жеткен. Мындан тышкары, парламентте техникалык кызматташтык боюнча чоң иштер жүргүзүлүп жатат. Бизге 15 күнгө техникалык регламент боюнча 2 эксперт келип, биздин ВСП+ менен байланышы бар товарларды техникалык жөнгө салуу системабызга мониторинг жүргүзүп, өздөрүнүн корутундусун беришти. Азыр бул документ мамлекеттик органдарда талкууланып жатат. Ыңгайлаштыруу сертификатын алуу процедурасын жеңилдетүү боюнча дагы иштер жүргүзүлүүдө”,-деди ал.

Муну менен катар, Экономика министринин орун басары Кыргызстандан Европага негизинен төө буурчак, козу карын, бал, кургак жемиштер, кийизден жасалган буюм-тайымдар жана башкалар жөнөтүлө турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий