• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облустук сотунда ачык эшик күнү өттү

Аймак 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Жалал-Абад облустук соту Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин укук таануу бөлүмүнүн студенттерине ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун пресс-кызматы билдирди.

Облустук соттун пресс-катчысы М.Болотов студенттер жана алардын мугалимдерине соттун эшигинен баштап имараттын жайланышы, кеңсенин кабинети, сот жыйналышынын залдары, судьялардын, консультанттардын, судьянын жардамчыларынын жана сот жыйналышынын катчыларынын жумуш кабинеттери менен тааныштырды. Бул иш-чарада облустук соттун жумуш процессине студенттер түздөн-түз күбө болушту.

Андан кийин студенттер облустук сотто өтүп жаткан кылмыш иши боюнча сот жыйналышына байкоочу катарында катышышып, иш боюнча баяндоодон баштап өкүмдү жарыялаганга чейин сот процесси практикада кантип өтөөрү менен таанышышты.
Бул сот процессинде облустук соттун төрагасынын орун басары Ш.Ж.Жакыпбаев төрагалык кылуучу болду, ал эми коллегиянын судьялары болуп А.Н.Таштемиров жана Б.С.Султанканов болушту. Төрагалык кылуучу жана судьялар өкүмдү чыгаргандан кийин студенттер менен укук таануу жана насааттык маек куруп беришип, студенттерди кунт коюп окууга, мамлекеттин мыйзамдарын сыйлоого жана сактоого үгүттөштү.

Ачык эшиктер күнүн жыйынтыктап жатып, облустук соттун төрагасынын орун басары Ш.Ж.Жакыпбаев студенттерге окуусунда ийгиликтерди жана келечектеги кесибинин мыкты адиси болууларын каалады.

Пикир

Оставить комментарий