• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөндө жер көчкүдөн улам көчүрүлгөн жашоочуларга чатырлар орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Өзгөн районунун Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр орнотула баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чатырлар кооптуу жерден 2 чакырым 200 метр аралыкта жайгашып, ага таза суу жана электр энергиясы киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, 22-мартта саат 05:00дөр чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкү түшкөн.

Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланып, аймакта жайгашкан 18 турак жайда күн кечирип келген 195 тургун жеңил оокаттары менен коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Аталган аймактагы жер көчкү 2007-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти корутунду чыгарып, аймак кооптуу деп табылган. Аталган аймакта жашаган 18 турак үйдүн ээлерин көчүрүү сунушталган.

Пикир

Оставить комментарий