• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2016-жылы “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 6 млрд 885 млн сом чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 20-январь /Кабар/. “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн жылга болгон товардык продукциясы 6,9 млрд сомду түзүп, анын 6 млрд 885 млн сому (99,67 %) чогултулган. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылы “Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 5,54 млрд кВт/саат электр энергия келип түшкөн, бул 2015-жылга салыштырмалуу 145,32 млн кВт/саатка аз.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 14,23 % түздү, бул 2015-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 0,6 % төмөн.

Көрсөтүлгөн сумманын эсебинен 2016-жылы төлөм чогултуу калк арасында 99,94 %,
өндүрүштүк объектилер – 100,58 %,
бюджеттик уюмдар – 96,88 %
айыл чарба объектилер – 98,99 %,
жана башка керектөөчүлөр – 99,82 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактарда төлөм чогултуу өткөн жыл боюнча төмөндөгүдөй:
борбор калаабызда төлөм чогултуу 100,21 %
Чүй облусунда – 99,09 %
Талас облусунда – 99,22 % .

Пикир

Оставить комментарий