• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлери үчүн онлайн-платформа түзүлөт

Экономика 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлери үчүн онлайн-платформа түзүлүп, анда биргелешкен долбоорлордун бизнес-пландары жеткиликтүү болот. Бул тууралуу “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунун ачылышында Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков билдирди.

Анын айтымында, онлайн-платформа потенциалдуу өнөктөштөрдү издөөгө да мүмкүнчүлүк берет.

“Өзбекстанда болгон өндүрүштөрдү Кыргызстанда да түзө алабыз. Технологиялык, долбоордук жана каржылык боюнча кызматташууга даярбыз. Платформаны түзүү эки өлкөнүн ишкерлерине иштелип чыккан бизнес-пландар боюнча кызматташууга мүмкүндүк берет. Платформа жеткиликтүү болот. Ошондой эле өнөктөштөрдү таап, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоого арыздарды жөнөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт”, - деди Умурзаков.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Анын жыйынтыгында болжол менен 168 млн долларлык 11 документке кол коюу күтүлүүдө. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.

Маалымат үчүн: Бизнес-форум эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий