• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2017-жылы 11,3 миң юридикалык жак каттоодон өткөн

Коом 0


Бишкек, 15.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Юстиция министрлигинде 2017-жылы мамлекеттик жана кайра каттоодон 11 миң 341 юридикалык жак өтсө, алардын 2 миң 536сы коммерциялык эмес уюмдар, 68и ЖМК жана 11и саясий партиялар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоодон өткөрүү башкармалыгынын башчысы Эмир Зулпуев билдирди.

Андан тышкары, юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон 5391 өткөн, ал эми кайра 3414 коммерциялык уюм кайрадан катталышкан.

Чет элдиктердин катышуусунда 920 каттоо жана 566сы кайрадан катталышкан. Каттоодон жана кайра каттоодон өткөндөрдүн эң көп саны – 581.

Юстиция министрлигинин маалыматтар Борбордук банкында 88 миң 21 укуктук акт жана 12 миңден ашуун документ бар.

Былтыр 5 саясий партия катталган, төртөө кайрадан катталса, экөө жоюлган.

Пикир

Оставить комментарий