• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2019-жылы 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, 1 миңге жакын иш оруну түзүлдү – Шумкарбек Адилбек уулу

Экономика 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. 2019-жылы 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, 63,93 млн доллар инвестиция өздөштүрүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу билдирди.

Ал белгилегендей, агенттикте үч бөлүм бар. Алар: инвестицияларды тартуу, экспортту өнүктүрүү жана инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмү. Былтыр ушул багыттар боюнча иштер жүргүзүлгөн.

"2019-жылы 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, 63,93 млн доллар инвестиция өздөштүрүлдү. Бир миңге жакын жумушчу орун түзүлдү", - деди ал.

Анын айтымында, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу 2-3 жылды талап кылат.

"Аны менен бирге 8 экспорттук долбоор ишке ашырылды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий