• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2019-жылы Бишкекте 9 миң бак-дарак отургузулуп, 11 эс алуу жайы курулат

Коом 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. 2019-жылы Бишкекте болжол менен 9 миң бак-дарак отургузуп, 11 эс алуу жайын куруп жана 2 бульварды оңдоп-түзөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек столдун жүрүшүндө Турак-жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Касымов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаардагы экологияга бир гана уюм жоопту - Мамэкотехинспекция. Аталган бул ведомство гана шаардагы экосистемага таасирин тийгизе алат.

Касымов билдиргендей, калаадагы "жашылдар" жыл сайын көбөйүүдө.

Пикир

Оставить комментарий