• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2021-жылдан тарта ысык суу жана жылуулукка болгон тарифти 25%га жогорулатуу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Энергетика жана өнөр жай министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документтин долбоору министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган.

Акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтер көп жылдар бою өз наркынан төмөнкү деңгээде белгиленип келгендиктен, мындай мамиле акча каражатынын ар жылдык тартыштыгына жана кайчылаш субсидиялоону көбөйтүүгө алып келген.

ЖЭБде жылуулук энергиясын иштеп чыгуудан жана ысык суу менен жабдуудан тарткан зыяндар электр энергиясын сатуудан алынган кирешелердин эсебинен “Электр станциялары” ААК тарабынан толугу менен жабылып келе жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл. Тактап айтканда, көрсөтүлгөн зыяндарды жабууга республикалык бюджеттен субсидиялар бөлүнбөйт. Ошол эле мезгилде, жылуулук энрегиясын иштеп чыгуудан тарткан зыяндарын жабуу үчүн “Кыргыз жылуулук энергия” МИ (мурдагы “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” МИ) жана .”Бишкек жылуулук энергия” МИ ишкналарына республикалык жана муниципалдык бюджеттерден ар жылы субсидиялар бөлүнөт. Иш жүзүндө республикабыздын бардык электр энергиясын керектөөчүлөрү “Электр станциялары” ААКтын ЖЭБинде иштелип чыккан жылуулук энергиясын керектөөчүлөргө субсидия беришет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 токтому менен бекитилген 2014-2017-жылдарга карата белгиленген электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат (ОМТС) электр жана жылуулук энергиясынынын наркына тарифтер аркылуу акырындык менен жетүүнү караган. Бирок, ОМТСти ишке ашыруунун башталышында эле тарифтердин өсүүсүн басаңдаткан өзгөртүүлөр киргизилген, кийинчерээк тарифтердин өсүүсү таптакыр токтотулган.

2020-жылы КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 токтому менен 2020-2022-жылдарга ОМТС бекитилген. Аталган ОМТСта жылуулук энергиясына тарифтер өзгөрүүсүз сакталган.

Эгерде 2014-жылы калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтер 1 Гкал үчүн 917, 78 сомду түзсө, ал эми 2015-жылы бул көрсөткүч 1134,76/Гкалды түзгөн же 19 % га көбөйгөн. Ошол эле мезгилде жылуулук энергиясына тарифтер тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн 2014-жылы 1557,25 сом/Гкалдан (салыктар эсепке алынбастан) 2015-жылы 1695,1 сом/Гкалга чейин көбөйгөн же көбөйүү 8 % ды түзгөн.

Ошентип, калк үчүн электр энергиясына тарифтерди өздүк наркынын деңгээлине жеткирүү өтө жай жылууда, ал эми тарифтик тартыштык тиричиликтик керектөөчүлөр тараптан калкты кайчылаш субсидиялоону андан бетер көбөйтүүгө жана тарифтик саясатта ар жылдык четтеп кетүүгө алып келүү менен өсүүсүн улантууда.

Жылуулук менен жабдуу жаатындагы көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү эске алуу менен коомдук талкууга чыгарылып жаткан ОМТСтын жаңы долбоору КР Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан иштелип чыкты.

Жаңы ОМТСтын долбоорунда акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына төмөндөгүдөй тарифтерди киргизүү каралып жатат.

Калк үчүн 2021-жылы 25 % га жогорулатуу сунуш кылынат, же:
- жылуулук энергиясына тариф 1 418,45 сом/Гкалды түзөт;
- ысык суу менен жабдууга тариф 1 227,2 сом/Гкалды түзөт.

Жылуулук энергиясынын наркын жабууга жетишилгенден кийин, жылуулук энергиясынын тарифтерине инфляциянын деңгээлине карата жыл сайын түзөтүүлөр киргизилип турат.

Керектөөчүлөрдүн калган топтору үчүн жыл сайын инфляциянын денгээлинде түзөтүүлөрдү киргизүү сунуш кылынат, же:
- жылуулук энергиясына тариф 1 801,89 сом/Гкалды түзөт;
- ысык суу менен жабдууга тариф 1 801,89 сом/Гкалды түзөт.

Коомдук талкуулоонун жол-жоболорун жүргүзүү максатында жаңы тарифтик саясаттын долбоору жана тиешелүү документтердин пакети 2021-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий