• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 30 жыл. Түркияда сүрөт көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 02.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 30-сентябрында Түркиянын Палаталар жана Биржалар биримдигинин (TOВВ) имаратында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан TOВВ менен биргеликте уюштурулган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү.

Сүрөт көргөзмөсүн элчи Кубанычбек Өмүралиев жана TOВВдун президенти Рифат Хисаржыклыоглу ачты, ага аймактык TOВВдордун жетекчилери, биримдикке мүчө болгон бизнес коомчулуктун өкүлдөрү, кызматкерлери жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Көргөзмөдө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун чагылдырган тарыхый кооз жерлерди, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган 60 сүрөт, ошондой эле "Манас" эпосунан алынган композициялар көрсөтүлдү.

Өз сөзүндө элчи Өмүралиев Кыргызстанга инвестиция тартуунун перспективдүү багыттары жана ВСП + жана ВСП программалары боюнча 6,2 миң түрдүү продукцияны Европа биримдигине жана 3,2 миң түрдүү продукцияны АКШнын базарларына бажы төлөмдөрүсүз экспорттоо мүмкүнчүлүгү тууралуу кыскача маалымат берип, биздин өлкөгө инвестициялоого чакырды.

Р.Хисаржыклыоглу көргөзмөнү түрк ишкердик коомчулугунун борборунда өткөргөнү үчүн К.Өмүралиевге ыраазычылык билдирип, түрк ишкерлеринин Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи.

Бул сүрөт көргөзмөсү акыркы үч айдан бери ар кандай жайларда өткөрүлүп келе жаткан көргөзмөлөрдүн уландысы. Көргөзмө 2021-жылдын 5-октябрына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий