• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

5 миңдей спортчу. Ысык-Көлдө спорттун 10 түрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Коом 0


Бишкек, 16.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көлдө спорттун 10 түрү боюнча "Кыргызстандын бермети" эл аралык фестиваль-мелдеши өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында "Кыргызстандын бермети" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Бекболсун Советбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган турнир 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Нет описания.

"2019-жылы спорттун 5 түрү боюнча таймашта 3 миңден ашык спортчу күч сынашты. Былтыр пандемиядан улам болбой калган. Ал эми 2021-жылы эпидемиологиялык кырдаал турукташа баштаганына байланыштуу уюштуруп жатабыз. Мелдеш 5-11-июлда Чоң-Сары-Ой айылындагы Goodlake пансинатында болот. "Кыргызстандын бермети" фестивалына катышуу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Украина, Белорусь, Чехия жана башка өлкөлөрдүн спортчулары чакырылган. Ал өлкөлөр 20-июнга чейин катыша турганын билдириши керек”, - дейт ал.

Советбеков 8ден 40 жашка чейинки спортчулар ушу саньда, маст-рестлинг, тай бокс, грэпплинг UWW, кикбокс, кармашып урушуу, таэквондо ИТФ, К-1, армрестлинг, аралаш мушташ боюнча катышарын кошумчалады.

Кармашып урушуу (рукопашный бой) жана чыгыш мушташ өнөрлөрү федерациясынын президенти Рамис Кыдыралиев фестивалда санитардык талаптар сакталырын белгиледи.

“Туризмди өнүктүрү жана жаштарды спортко кызыктыруу менен "Кыргызстандын берметин" жыл сайын өтө тургандай салтка айлантууга максат койгонбуз. Келечекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга дагы спорттун түрлөрүн кошууну карап жатабыз. Кошумчалай кетсем, быйыл спорттун 5 түрү киргизилгендиктен демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Азыркы маалда уюштуруу иштерине болжол менен 2 млн сомдой каражат сарпталды. Ал эми Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине кайрылганыбыз. Алар каражаттар план боюнча Олимпиада оюндарына спортчулардын даярдыгына жумшалып жатканын айтышкан”, - деди Кыдыралиев.

Пикир

Оставить комментарий