• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2021-жылдын октябрынан бери ТИМ тарабынан бийик жана жогорку деңгээлдеги 95 иш-чара уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. 2021-жылдын октябрынан 2022-жылдын октябрына чейин КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан бийик жана жогорку деңгээлдеги 95 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Ниязалиевдин айтымында, анын ичинде 53 иш сапар жана иш-чара чет мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги кызматкерлеринин катышуусунда Кыргызстанда өткөрүлдү.

"Атап айтканда, КР президентинин деңгээлинде чет өлкөгө 12 сапар уюштурулду. Алар: Британия, Түркия, Түркмөнстан, Россия, Кытай, Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттарына, Өзбекстан, АКШ жана Казакстанга болгон иш сапарлар. Пандемияга байланыштуу айрым иш сапарларды видеобайланыш аркылуу өткөрүүгө туура келди. Ошентип, видеобайланыш аркылуу 4 иш-чара өткөрүлдү: Индия – Борбордук Азия, Кытай – Борбордук Азия саммиттери, КМШ мамлекет башчыларынын жыйыны, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын деңгээлинде 9 жана Жогорку Кеңештин төрагасынын деңгээлинде 5, КР ТИМ башчысынын деңгээлинде 27 иш сапар уюштурулду”, - деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары белгилегендей, 78 эки тараптуу, 366 көп тараптуу эл аралык келишим жана документ кол коюга даярдалды.

"Иш сапар жана иш-чаралардын негизги максаты ушул мамлекеттер менен саясий алаканы бекемдөө, мамилелердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, так келишимдерге жетишүү жана алар боюнча иш алып баруу болуп саналат", - деди Ниязалиев.

Пикир

Оставить комментарий