• 88.68
  • 95
  • 0.95

Марат Иманкулов Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмов менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Регионалдык коопсуздук, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу алкагында кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын абалы жана аны мындан ары да чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Кыргыз-тажик чек арасындагы актуалдуу кырдаал жана аны жөнгө салуунун келечеги талкууланды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн «Россия-Борбор Азия» Саммитинде сүйлөгөн сөзүнүн контекстинде Марат Иманкулов Кыргызстандын жарандарынын Россиянын аймагында жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерине кеңири токтолду.

Миграциялык каттоонун жол-жобосун өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын легалдаштырууга жана алардын Россия Федерациясында укуктук статусун жөнгө салууга тоскоолдук кылган себептерди четтетүү боюнча россиялык тараптан көмөк көрсөтүү зарылдыгы айтылды.

Кыргыз тараптын Россияда эл аралык жана улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулугуна мүмкүн болгон чектөөлөр тууралуу тынчсыздануусу жеткирилди. Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан алардын Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде болушу мүмкүндүгүн эрте, көз карандысыз жана аралыктан текшерүү механизмин иштеп чыгуу боюнча сунуштар киргизилди. Кыргыз тараптын Россиянын аймагынан чыгаруу шарттарын бир аз жумшартуу боюнча каалоолору белгиленди.

Өз кезегинде Марат Иманкулов белгилегендей, Кыргызстан кыргыз-орус мамилелеринин эки тараптуу форматында да, эл аралык интеграциялык бирикмелердин платформаларында да мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча ишти улантууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий