• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2021-жылы Мамкурулуш социалдык-маданий багыттагы 109 объектти бүткөрдү

Коом 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2021-жылдын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын эсебинен социалдык-маданий багыттагы 109 объектти бүткөрдү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 85 объект жаңы курулса, 24 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Тармактар боюнча 9479 окуучу орунга эсептелген 59 мектеп жана мектептерге спорттук залдар, 844 орунга ылайыкталган 12 бала бакча, 320 орунга эсептелген 11 саламаттык сактоо объекттери, 6 спорт жана маданият тармагынын объекттери, 13 ичүүчү суу менен камсыздоо объекттери жана 8 административдик имараттары.

Белгилей кетсек, 2021-жылы республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 367 социалдык-маданий багыттагы объекттерди курууга жана капиталдык оңдоп-түзөөсүнө 2 млрд 787 млн 500 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий