• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштон Бишкекке баңгизат ташыган жаран кармалды. Андан 2,7 кг баңгизаты алынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарына өлкөнүн түштүк аймагынан кара куурай тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатып өткөрүү каналына бөгөт коюу боюнча операция жүргүзүштү.

ИИМден билдиришкендей, кызматкерлер Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүмү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын операцияны ийгиликтүү жүргүзүштү.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 27-январда саат 00:30дар чамасында Токтогул шаарындагы Ош - Бишкек жолунан мурда каракчылык үчүн соттолгон 25 жаштагы Р.А. аттуу жаранды кармашкан. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанындагы баштыктан афган чарсына окшош кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай кескин жыты бар зат табылган.

Ошондой эле кара барсетка табылып, анын ичинде гашиш жыттанган кочкул-жашыл түстөгү скотч менен оролгон 30 таңгактагы зат болгон. Алынган заттын жалпы салмагы 2 кг 788 граммды түздү.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий