• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРда келерки жылы 180 миң гектар буудай жана 12 миң гектар арпа себүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. 2022-жылы 180 миң гектар буудай жана 12 миң гектар арпа себүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дан эгиндеринин жогорку түшүмдүүлүгү жана сапаты өсүмдүктүн вегетация мезгилинде минералдык жер семирткичтер менен камсыз болушуна жараша болот.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-сентябрынан 22-октябрына чейинки аралыкта Кыргызстанда жалпысынан 5,9 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери алынып келинип, учурда дыйкандар интенсивдүү түрдө сатып алууда. Бул жалпы керектөөнүн 28,2 процентин тузөт.

Күздүк дан эгиндерин минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу системасы, кошумча азыктандыруу менен жүргүзүлөт. Ошондой эле, КР Айыл чарба министрлиги келерки жылдын түшүмү үчүн 21 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери керектиги боюнча маселе көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий