• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы. Президенттин иш башкармалыгы комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. "Кабар” маалымат агенттигине президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Усенова депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышына байланыштуу кырдаалга комментарий берди.

Усенованын айтымында, депутаттын иш бөлмөсүнөн көчүрүлүшүндө эч кандай саясий буйрутма болгон эмес.

"Ак үйдүн 7-кабатында түзүлгөн кырдаалга ылайык, кабинеттердин аздыгынан (31-кабинет) спикер, вице-спикерлер жана саясий фракциялардын лидерлери үчүн иш орундары бар. Бирок президенттин иш башкармалыгы менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын биригишине байланыштуу башаламандык орун алды. Бүгүнкү күндө Ак үйдүн материалдык-техникалык жабдыктарын толук инвентаризациядан өткөрдүк. Депутаттардын иш ордун иретке келтирүү боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. Ошентип, 2022-жылдын 18-ноябрында жардамчысы, консультант жана Өмүрбек Бакировдун өзүнөн 7-кабаттагы кызматтык бөлмөнү бошотуп берүүнү суранып, анын ордуна №637 кабинетке көчүрүлгөн. Бирок ал да, анын кол алдындагылар бөлмөнү бошотуп берген эмес", - деди ал.

Усенова белгилегендей, кеңседе оңдоо иштери пландалгандыктан, 18-ноябрда саат 14:00дө президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлеринен турган комиссия депутаттын бардык документтерин жана жеке буюмдарын №705 кабинеттен №637 кабинетке ташыган.

"Белгилей кетсем, ал учурда кеңседе эч ким жок болгон жана эшиги кулпуланган эмес эле. Биз эл өкүлүнө бир нече жолу эскерткенбиз, бирок ал бизди укпай койду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий