• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

2022-жылы Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу завод ачуу пландалууда

Коом 0


Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасында 2022-жылы тамчылатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу заводду ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 2,5 миң гектар гана айдоо аянты камтылган.

"Сугаруунун ушундай ыкмасына суроо-талап жылдан жылга көбөйүп жатат. Ошондуктан тамчылатып сугаруу жабдыктарын өндүрүү үчүн балким мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүрүп жатат", - деди министр.

Ал ошондой эле "Айыл Банк" фермерлерге скважиналарды оңдоп-түзөө жана техника сатып алуу үчүн лизинг берип жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий