• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2022-жылы Түгөл-Сай айыл аймагындагы БДРди куруу иштери башталат

Аймак 0

Бишкек, 29.05.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чаек айыл аймагындагы “Калыс” асыл тукум чарбасына барды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жумгал районунун фермери Тасынбек Токтоналиев 2003-жылдан бери асыл тукум малдардын санын көбөйтүү менен алектенип келет.

“Калыс” асыл тукум мал чарбасында үч жылдын ичинде малдын саны жана сапаты жагынан жакшы натыйжаларды көрсөткөн. Тактап айтканда, 2018-жылдан тартып 2020-жылга чейин малдын саны 300дөн 500гө чейин көбөйгөн. Бүгүнкү күндө чарбада асыл тукум гисар жана арашан койлорун багып келет. Мындан тышкары, 50 башка чейин ири мүйүздүү бодо мал букаларын бордоп семиртүү жана багбанчылык иштерин дагы жүргүзүп келет.

Андан соң, министр Түгөл-Сай айылында Ак-Булак балык чарбасынын иши менен таанышты. Бул ишкана Жумгал району боюнча балык өстүрүүчү жападан жалгыз ишкана. Форель көп жылдар бою ийгиликтүү өстүрүлүп келет. Өндүрүлгөн продукция Бишкек шаарына жана жергиликтүү базарларда сатылат.

Ошондой эле министр Түгөл-Сай айыл аймагындагы БДР жайгашкан жерге барды. БДРди куруу министрликтин негизги планына киргизилип, быйыл курулуш иштерине атайын каражат бөлүнгөн. БДРди куруу иштери 2022-жылы башталып, 2025-жылы аяктайт деп пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий