• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

2023-жылдын 3 айында Кыргызстанда 35 айыл чарба кооперативи түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.04.23 /Кабар/. 2023-жылдын үч айында республика боюнча 35 айыл чарба кооперативдери түзүлүп, өндүрүшкө кирди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Чүй облусунда – 2; Ысык-Көл облусунда – 2; Ош облусунда – 7; Жалал-Абад облусунда – 12; Талас облусунда – 2; Нарын облусунда – 1; Баткен облусунда – 9.

2023-жылдын 1-апрелине карата өлкөдө 513 айыл чарба кооперативи ишмердүүлүк жүргүзүүдө, анын ичинен: Чүй облусунда – 80; Ысык-Көл облусунда – 61; Ош облусунда – 63; Жалал-Абад облусунда – 156; Талас облусунда – 62; Нарын облусунда – 40; Баткен облусунда – 51.

Айыл чарба министрлиги кооперацияны өнүктүрүүгө практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү менен алардын материалдык-техникалык базасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү менен айыл чарба азык-түлүгүн экспорттоо жана кайра иштетүүгө шарт түзүп, укуктук ченемдик базаны жана айыл чарба кооперативдерине биригүүгө материалдык дем берүүнү ишке ашырууда.

Пикир

Оставить комментарий