• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэри Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тараптар Бишкек шаарында жайгашкан А.Осмонов атындагы үй-музейди реставрациялоо жана музейдин долбоорун, борбор калаанын мэриясы менен Түрк маданияты жана мурасы фондунун ортосундагы меморандумга кол коюуну талкуулашты.

Мэр муниципалитет фонд менен биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда келечектүү кызматташууга ачык экендигин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Айбек Жунушалиев ыраазычылык билдирип, Бишкек шаарынын мэриясы менен Түрк маданияты жана мурасы фондунун ортосундагы мындан аркы кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий