• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЕАЭБ алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн берүү, жоюу эрежелери жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 31-июлунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты 31-июлунда 2023-жылдын Москва шаарында кол коюлган Айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн Евразия экономикалык бирлигинин алкагында чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууну (мындан ары-Макулдашуу) ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Макулдашууда кампа күбөлүктөрүн жүгүртүүгө жана тындырууга карата бирдиктүү мамилелер, сактоонун типтүү ачык келишимине карата талаптар, кампага кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) укугун берүү белгиленет, ошондой эле бул жаатта мамлекеттик контролду камсыз кылуу боюнча жоболор жана кампа күбөлүгүн күтүүгө карата талаптар камтылат.

Макулдашууга кол коюлганга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 24-декабрындагы 2021-жылдын № 26 буйругу менен жактырылган жана ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду жүргүзүү үчүн Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттерине жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий