• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Дордой конушунда 140 орундуу бала бакча курулууда

Коом 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Бишкектин Дордой конушунда 140 орундуу бала бакча курулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектепке чейин билим берүү мекемесинин курулушунун жүрүшү менен Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков таанышты. Учурда объект курчап турган аймакты ички жасалгалоонун жана көрктөндүрүүнүн акыркы стадиясында турат.

Инспекциянын жыйынтыгында район башчысы подряддык уюм менен капиталдык курулуш башкармалыгынын аныкталган кемчиликтерди оңдоо жана иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүү милдетин койду.

Белгиленгендей, бала бакчада окуу класстары, оюн бөлмөлөрү, оюн жана спорт аянтчалары, маданий жана чыгармачылык иш-чаралар үчүн бөлмөлөр, эс алуу жана тамактануу зоналары каралган.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү мекемеси балдар менен иштөө үчүн квалификациялуу педагогдор жана тарбиячылар менен камсыздалмакчы.

Пикир

Оставить комментарий