• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов Alibaba компаниясынын башкы кеңсесинде болду

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында дүйнөдөгү электрондук коммерциянын гиганты Alibaba компаниясынын башкы кеңсесинде болду.

Жумуш сапарынын алкагында Эдил Байсалов дүйнө жүзү боюнча ишке ашырып жаткан компаниянын учурдагы ишмердүүлүгү, стратегиясы, мындан аркы өнүгүүсү жана инновациялык чечимдери менен таанышты.

“Кыргызстанда Alibaba компаниясын жакшы билет жана он миңдеген жарандарыбыз анын кызматын пайдаланат. Жакында эле өкмөттүк деңгээлде жеткирүү мөөнөтүн тездетүү жана буйрутмаларды жеткирүү шарттарын жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынды. Биз Кытайдын IT-индустриясынын глобалдык ийгиликтерине кубанычтабыз жана кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдарбыз”, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн продукциясын Alibaba компаниясынын тармагы аркылуу Кытайга сатуу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу жана кытайлык өндүрүшчүлөргө түз жетүү маселелерин талкуулашты.

Alibaba өкүлдөрү Кыргызстан менен түз мамилени өнүктүрүүгө жана Борбор Азия рыногуна чыгуу үчүн анын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга кызыкдар экенин билдиришти.

Маалымат үчүн: Alibaba Group 1999-жылы Джек Ма тарабынан негизделген. Компания интернет-коммерция чөйрөсүндө иш алып барат, Кытайдагы кичи жана орто ишканаларынын товарларын ички жана эл аралык деңгээлде сатууга жардам берет. “Taobao”, “Tmall”, “Alibaba”, “AliExpress” ж.б. веб-порталдарга ээ. Башкы кеңсеси Кытайдын Ханчжоу шаарында жайгашкан.

Alibaba компаниясынын 2022-жылдагы жылдык кирешеси 134,567 млрд долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 22,91%га көп болгон. 2023-жылдын сентябрына карата компаниянын 1,2 миллиарддан ашуун керектөөчүсү бар.

Пикир

Оставить комментарий