• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Султанбаев: Президент Кыргызстанда "кол тийбестер" жок экендигин эскертет

Президент 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Кыргызстан акыркы эки жарым жылдан бери инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл буруп келет. Бул иш өлкө башысы Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экендигин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал маалымдагандай, мамлекет башчысы ар дайым "инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү керек" деген талапты бардык мамлекеттик органдарга, тийиштүү мекемелерге коюп келет.

"Өзүңүздөргө маалым болгондой өлкөгө түз инвестицияларды тартуу иши оңой эмес. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө тилекке каршы, инвесторлордун өлкөбүздө ишмердүүлүгүнө жолтоо болгон учурлар бар.

Мисалы акниет эмес бир жаран кармалды. Ал өзү бизнесмен жана жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, керек болсо силерди жок кылам деп коркутуп, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган.

Бул маалымат президент Жапаровго жеткен жана ал териштирүү тапшырмасын берип, анын жыйынтыгында бул жаран кармалып, камакка алынды. Андан ары тергөө иштери жүрөт", - деди ал.

Султанбаев президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда "кол тийбестер" жок экендигин эскертет деп баса белгиледи.

"Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса — дароо камалат.

"Өлкө башчысын адаштырып коебуз же ал эч нерсе билбей калат" дегендер болсо, алар катуу жаңылышат.

Президент Жапаров УКМК, ИИМ жана башка жеке булактарынан ыкчам маалыматтарды дайыма алып турат. Учурда мамлекет башчысында дагы кимдер "жогорку байланыштарына" жамынып инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Арам ойлорун ишке ашырам дегендер үчүн абактарда орундар жетиштүү", - деди президенттин басма сөз катчысы.

Пикир

Оставить комментарий