• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого каржылоо 30% көбөйтүлдү

Коом 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. 2023-жылы протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого каржылоо 30%га көбөйтүлдү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстанда өтүп жаткан "протездик-ортопедиялык тармак үчүн заманбап чечимдер жана технологиялар" эл аралык конференциясында билдирди.

Конференция Эмгек министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси тарабынан "МЕТИЗ өндүрүш" ЖЧКнын колдоосу менен уюштурулуп, 15 өлкөдөн: Германия, Россия, Түштүк Корея, Түштүк Африка Республикасы, Италия ж. б. протездик-ортопедиялык тармактын өкүлдөрүн чогултту.

"Президент Садыр Жапаров тарабынан чоңдордун жана майып балдардын жашоосун жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Пособие, интернаттардагы тамак-аш үчүн акы төлөө, персоналдык ассистенттерге төлөмдөр эки эсеге көбөйтүлдү.

Мамлекет башчысы тарабынан майыптыгы бар адамдарга көңүл буруунун көрсөткүчү катары балдардын церебралдык шал оорусу жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу диагнозу коюлган 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбордун ачылышы болду

2023- жылы протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого каржылоонун 30% га көбөйүшүнүн аркасында 57,5%га көп балдар жана чоңдор ар кандай кызматтарды ала алышты. Беш айдын ичинде Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин буюмдары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен 11 миңден ашуун адам камтылды", - деп белгиледи Кудайберген Базарбаев.

2020-жылдан баштап майыптар боюнча министрлер кабинетинин чечимдери алардын түздөн-түз катышуусу менен кабыл алынышы маанилүү. Мына ушундай документтердин бири 2030-жылга чейин мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана башка кыймыл-аракети чектелген жарандар үчүн “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасы болду”.

“Ошондой эле “Өкмөттүк акселераторлор" программасын ишке ашыруунун алкагында жарандарды күбөлөндүрүүгө жиберүү, медициналык-социалдык эксперттик комиссияда майыптык фактысын аныктоо процессин автоматташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - деди министр өз сөзүндө.

Пикир

Оставить комментарий