• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2040-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын түзүү – чечкиндүү демилге – саясат таануучу

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. 2040-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын түзүү – чечкиндүү демилге. Кыргызстан келечек максаттарды аныктоо үчүн стратегиялык документти иштеп чыгуусу керек. Бул тууралуу саясат таануучу Марс Сариев мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну жакшыртуу маселелерин талкуулоо боюнча экперттердин жолугушуусунда билдирди.

Семинар өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү узак мөөнөттүү долбоорун даярдоонун алкагында өткөрүлдү.

“2040-жылга чейин кеңири өзгөрүүлөр болот. Анын үстүнө, дүйнө ыкчам өзгөрүүдө. Бардыгы адамдык материалдан көз каранды, бардыгын кадрлар чечет. Биз учурда маалымат талаасында Россия басымдуулук кылып жатканына күбөбүз. 90-жылдардын башында АКШ басымдуулук кылгандыктан, биз бөтөн долбоорлордо калганбыз. Эгерде биз өз долбоорубузду курбасак, анда башка өлкө, анын ичинде Кытайга негиз болобуз. Ошондуктан, бардыгын кадрлар, өлкөнүн интеллектуалдык ресурстары чечет. Мен бизде глобалдык оюнчулар арасында өз ордун таап, сыйга татыктуу болгон жана кайталангыс салмактуу өзгөчө Кыргызстанды курууга ресурстарыбыз жана мүмкүндүгүбүз бар экендигине ишенем”, - деди М.Сариев.

Булагы АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий