• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте “Маалыматтык технологиялар – экономикалык өнүгүүнүн жаңы жолу” илимий конференциясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде 23-майда “Маалыматтык технологиялар – экономикалык өнүгүүнүн жаңы жолу” деген эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтөт.

ЖОЖдун басма сөз кызматы билдиргендей, катышуучулар Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик түзүмдөр, бизнес коомчулук жана академиялык чөйрөнүн алдында турган маселелерди чечүү жолдорун талкуулашат.

Иш чарага КР өкмөтүнүн аппаратынын, Экономика министрлигинин, Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, КРСУ, БААУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Разаков атындагы КМТУ профессорлору жана окутуучулары, УИА, бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери катышышат.

Иш чаранын уюштуруучулары КР Өкмөтүнө караштуу ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңешинин катчылыгы, Кыргыз программалык камсыздоо жана тейлөө кызматтарынын Ассоциациясы жана Кыргыз-Россия Славян университети болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий