• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

23-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Эртең, 23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3, Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5, Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6 градус.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз 3...5 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий