• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Атада майыптыгы бар 727 балага азык-түлүк баштыгы таратылды

Коом 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда майыптыгы бар 727 балага азык-түлүк баштыгы таратылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Нуралы Курмантаевдин демилгеси жана "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомунун колдоосу менен уюштурулду.

“Ошентип Ысык-Ата районундагы 18 жашка чейинки майыптыгы бар 727 балага ар бири 1500 сомдук азык-түлүк баштыкчасы таратылды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий