• 88.68
  • 95
  • 0.95

Анталияда кыргызстандык аялдын уурдалган акчасы бар сумкасы табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында кыргызстандык аялдын акчасы бар сумкасын уурдоого шектелип Германиянын жараны кармалды.

Хаберлер сайты жазып чыккандай, Кыргызстандан барган турист өзүнүн сумкасын фойеге таштап дааратканага кеткен. Келгенде сумкасын таппаган кыргызстандык 10 миң 90 доллар өлчөмүндө акчасы жоголгонун айтып, арыз менен кайрылган.

Полиция кызматкерлери видео байкоо камералары аркылуу шектүүнү кармаган. Ал Германиянын Марк Дроммель аттуу жараны болуп чыккан. Марк Дроммелдин отелдеги бөлмөсүн тинтүүдө 7 миң 700 доллар, 5 миң 210 лира, 1 миң 250 сом жана баңгизат табылган.

Акча каражат кыргызстандык аялга кайтарылып берилген.

Пикир

Оставить комментарий