• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Дубайда «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмирлиги» бизнес-форуму өтөт

Экономика 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 13-декабрда, Дубайдагы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүнүн алкагында «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмирлиги — 2021» аталыштагы бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана КРнын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын соодага көмөктөшүү боюнча долбоорунун колдоосу менен уюштурулууда.

Бизнес-форумдун катышуучуларын жана конокторун КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык кызматташуу боюнча вице-президенти Засан Аль Хашеми жана КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов тосуп алып, сөз сүйлөшөт.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө видео тартууланып, андан соң бир катар макулдашууларга, меморандумдарга, келишимдерге кол коюу аземи өтөт.

Программанын кийинки бөлүгү презентациялар сессиясына арналган. Анда КРнын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү, ата мекендик компаниялардын ишмердүүлүк багыттары чагылдырылат.

Бизнес-форум В2В форматындагы сүйлөшүүлөр менен аяктайт. Бизнес-форумга Кыргызстандан 40тан ашуун жана БАЭден 70ке жакын компаниялардын катышуусу күтүлүүдө.

Ишкерлер эки тараптан пайдалуу кызматташуунун шарттарын жана жолдорун түздөн-түз талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.

Кыргызстан тараптан компаниялар тамак-аш өнөр жайы, IT-индустрия, айыл-чарба, энергетика, курулуш, таза сууну өндүрүү тармактарын тааныштырат.

Белгилеп кетсек, аталган бизнес-форум дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында эртең, 14-декабрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнүн алдында уюштурулуп жатат.

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат.

Пикир

Оставить комментарий