• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

3 айда сыраны милдеттүү маркалоонун негизинде бюджетке 129 млн сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-кварталында Мамлекеттик салык кызматы өндүрүлгөн пиво продукциясынан 129,4 млн сом акциз салыгын чогулткан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч белгиленген пландан жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге ашыкча аткарылган.

Жыйымдардын өсүшү 2023-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында сыра продукциясын милдеттүү маркалоону киргизүүнүн негизинде камсыздалды. Мындан тышкары, салык органдары тарабынан алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдүн күчөтүлүшү салыктын чогултуунун эки эсе көбөйүшүнө алып келди.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2203 товардык позициясына кирген пивону өндүрүү жана импорттоо акциздик жыйымдын маркасы менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш.

2023-жылдын 1-июлунан тартып сыра продукциясынын маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий