• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

24-январда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 24-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2...-7, Талас облусунда -7...-12, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында -2...+3, Нарын облусунда -11...-16 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы -2...-4 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий