• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

27-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Эртең, 27-июлда Ысык-Көл облусунун чыгышында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37 градус, Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 28…33 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38 градус ысык болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы түнкүсүн 18…20 градус, күндүз 34…36 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий